www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  профессор, 5-чакырылыштын депутаты болгон Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, коомчулуктун талкуусуна калган Отунбаеванын билдирүүсү боюнча баарлаштык. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун Беларусстун кайра шайланган президенти Александр Лукашенкого жолдогон куттуктоосун сынга алып, “революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым. 2010-жылы болгон окуяга чыккынчылык кадам катары баалайт элем"- деген оюн айтты.

-Отунбаеванын сыны орундуубу же орунсузбу?

-Албетте, орунсуз. Мен таң калганым, Роза Исаковна Отунбаева экс-президент, тажырыйбалуу дипломат катары билиши керек да. Кыргызстан Белоруссия менен өнөктөш өлкө катары аны менен чогуу  бир нече эл аралык шериктештик уюмдарга мүчө. Ал өлкөнүн президенти шайланып, БШКсы расмий жыйынтык чыгарды. Демек биздин президент убагында чечкиндүү түрдө эле куттуктап койгону туура болду! Ал жакта болуп жаткан ызы-чуулардын өзүнчө табияты бар. Аны дагы көп териштиришет жана ал Беларусстун ички саясаты. Анан эмне биздин президент ызы-чуу бүткүчө байкап турайын деши керек беле? Роза Отунбаева Президент Сооронбай Шариповичти ыңгайсыз абалга кептелткен билдирүү жасап жиберди. Шашып кетти! Мындайда оор-басырыктуу болуп турушу керек болчу! Эми бул дагы өзүбүздүн алдыбызда күтүлүп жаткан парламенттик шайтан оюндун эле бир элементи болуп жатат!

-Айрымдар Сооронбай Жээнбеков эмес, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бири-бирин камап, бири-бирин куугунтуктап революцияга түкүргөн деген пикирлерин айтышууда. Буга кандай дейсиз?

-Мен деги эле Кыргызстанда элдик революция болду дегенге ишенбейм. Кайдагы революция? 2005 жана 2010-жылдары бир коррупцияланышкан кланды экинчи бир өз ара уюшкан саясий күчтөр алмаштырып эле келе жатышат. Эч өзгөрүү жок. Баягы эле бийликти басып алмай, анан байлык тономой. Революция болгондо саясий система түп-тамырынан бери өзгөрүшү абзел! Жаңы коомдук-экономикалык формация орун алуусу керек болчу. Андай болгон жок. Айыбы жок, бирок, эң  эле көп ырайымсыз жапа чеккен карапайым элдин каны төгүлдү. Төңкөрүшчүлөр байлык менен бийликке туйтунушту. Болгону ушул. Анан аларды кайрадан бөлүштүрүү этабы башталганда, бири-бирин чөктүрө башташты. Түрмөлөргө камап, артынан куугунтук кылышты. Силер белгилегендей өз-ара түкүрүнө башташты. Буга Белоруссиянын президентинин кайра шайланып келишинин кандай тиешеси бар? Биз, ШОС, ЕАЭС, КМШ, ОДКБга кирген өлкө катары дипломатиялык ийкемдүүлүктү көрсөтүп туруубуз зарыл. Президент Жээнбеков ошол вазийпаны эле аткарып койду. Мындан кыйкым издебей эле койгула дейт элем!

-Революциянын кадырын ким кетирди? Бүгүнкү бийликпи же мурдагы бийликпи?

-Алар өз ара эле бири-бирин кажып, жеп жатышат. 2005 - жана 2010 - жылдардан бери бир эле бийлик келе жатат. Айырмасы аз. Элди ойлогон эч кимиси жок! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости