www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусундагы 142 орто мектептин 36сы балдарды реалдуу режимде окутууга даяр. Бул тууралуу өкмөттүн аталган дубандагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта жаңы 2020-2021-окуу жылына даярдыктар кызуу жүрүүдө.

"Санэпидемборборунун уруксаты болсо 36 мектеп бүгүнкү күндө реалдуу окутууга даяр. Быйыл 1-класска 5 764 окуучу келет деп күтүп жатабыз. Окуулар кандай тартипте башталары азыр такталууда", — деди Ибраева.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү аймактагы 142 мектептен 91 мектеп интернетке кошулганын белгиледи. Ал эми 15 мектепке "Кыргызтелеком" аркылуу интернетке кошуу иштери жүрүп жатат. Ибраеванын айтымында, алты мектеп географиялык жайгашуусуна байланыштуу интернет коштурууга техникалык мүмкүнчүлүк жок.

Ибраева азыркы учурда облуста алты мектеп, эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатканын кошумчалады. Андан тышкары, 70 орундуу оорукананын курулушу башталды. Жалпы облус боюнча курулуучу 11 обьектиге 41 миллион сом бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости