www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Чыңгыз, атаңыздын ден-соолугу кандай? Байланышып жатасыңарбы?

-Өзүбүзгө жолугушууга мүмкүн боло элек. Атамдын ден-соолугун адвокаты аркылуу билип жатабыз. Азыр канааттандырарлык дегени менен жүрөгү ооручу эле, кандай болуп кетет деп кооптонуп да жатабыз. Анткени, атамдын жүрөгү ооруп, тез-тез эле ооруканага кайрылып, дарыланып турчу. Ачыгын айтканда, жүрөгүнө күч келип кетпесе экен деп кыжаалат болуп жатабыз. Себеби, бир ай мурда эле ооруканадан чыккан. Атам адам өмүрүне коркунуч жаратпаган кылмышкер болбогондон кийин үй камагына эле чыгарып, суракка чакырып турушса болот эле.

-"Бирөөлөргө каршы көрсөтмө бер" дегенге окшогон кыйноолорго кабылбаптырбы?

-Адвокатгардын айтуусунда азырынча УКМК тарабынан кысым же бир жаман аракеттер болгон жок. Жакшы мамиле жасалып жатат деген маалыматты гана угуп жатабыз. Ошондой болсо да, ушунча жыл ак иштегенин, жаман иштерден алыс болгонун, алдыңкы саптагы илимпоздордон экенин эске алышса жакшы болот эле. Атамдын илимге кошкон салымы деле чоң да. Атам эч качан өз кызыкчылыгын жогору койчу эмес. Качан болбосун ак иштеп, адилеттүү болууга аракет кылчу.

-Атаңызга козголгон кылмыш иши, ага коюлган дооматтар жөндүү элеби же бөрк ал десе, баш алгандар аша чаап кеттиби?

-Мен атама коюлган кылмыш ишти туура эмес деп эсептейм. Себеби ал митингде атам тараптан бийликти басып алабыз деген чакырык болгон эмес. Ал күнү бийликти басып алуу үчүн эмес, Садыр Нургожоевичти колдоо иретинде тынч митинг болот деп пландалган. Бирок, ар кайсы саясатчылардын жанында сүрөткө түшүп жүргөн провокаторлор ал митингди өз максаттарына жетүү үчүн колдонуп, тынч митингдин катышуучуларын жаманатты кылып кетишти.

Баса, ага чейин бийлик өкүлдөрү "провокация болот" - деп алдын ала айтып жатышты. Демек, алар митингде провокаторлор болоорун, аны кимдир бирөөлөр уюштуруп жатканын да билишкен. Мени ошол провокаторлорду кармоо аракети болбогону, аларга тырмактай да чара көрүлбөгөнү таңгалдырды. Ал эле эмес, 8-мартта өткөн акция да провокация менен коштолду. Садыр Жапаровду колдоо митингиңде чагымчылдык кылгандарга окшогондор ал акцияны да бүлгүнгө учуратышты. Ал жакта да милиция башаламандык уюштургандарды эмес, акциянын катышуучуларын кармады. Мени тартип сакчыларынын тынч митингге чыккандарды эмес, тартипти бузууга аракет кылгандарды, башаламндык уюштуруп, акылга сыйбаган иштерге жол бербегендерди кармабаганы таңгалдырды. Айтайын дегеним, 2-марттагы митингде элди тынчтыкка үндөп, жаштарды акылга чакырып турган атамды жана Ысык-Көл облусунун координаторун аял киши экенине карабай камап салышты. Чынында атам эч качан бийликти басып алууга аракет кылбайт. Андай мыйзамсыз иштерге баруу атамдын табиятында туура келбейт. Анткени, атам ар дайым чындыкты туу тутуп, кандай маселе болбосун адилеттүүлүктү талап кылган, мыйзамдын алкагында иш кылган инсан. Ошондуктан мен атамды камакка алып, ойго кел беген оор берене менен кылмыш ишин козгогонун бийликтин аша чабуусу деп эсептейм.

Бөрк ал де се, баш алгандардын иши деп ойлойм. Атам модераторлук кылган митингде элдин үнүн жогору жакка жеткирүү менен гана алек болгон. Ал жерде бийликти басып алууга чакырык жасап же лидерлик иш ган эмес. Эгер бийликти басып алуу максаты бар болгон болсо, эл Каныбек Осмоналиевди эркиндикке чыгар деп чыгышат эле го.

-Атаңыз эл душманындай сүрөттөлгөнүн, козголгон кылмыш иши боюнча эмне деп жатат?

- Атам өзүнө коюлган күнөөнү  негизсиз деп гана айтып жатат. Физика жана математика илимдерини доктору, окумуштуу адам бийлик ойлонбой кылмыш ишин козгогондой бийликти басып алууга барбайт жана аракет да кылбайт. Атамдын андай жолго барбасына бөркүмдөй ишенем. Атам үлгү болчу сапаттарга бай, тарыхта кала турган мыкты адам. Атама оор беренелер менен кылмыш ишин козгошсо да, аны биротоло каралай алышпайт. Мунун баары белгилүү себептерден болуп жатканын туюп турам. Ак ийилип, бирок сынбасына ишенем. 

Булак: Ачык саясат

Последние новости