www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк доллардын мындан аркы курсу кандай болорун божомолдой албайт. Бул тууралуу 20-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ошондой эле, ал курстун кескин түрдө өзгөрүшүнө жол берилбей турганын айтты.

“Улуттук банк эч убакта божомол бербейт. Бирок биз эч убакта кескин түрдө курстун жогорулап кетишине жол бербейбиз. Мисалы, кечээ интервенция жасабасак, ким билет, кандай курс болмок?! Баарыбыз “коронавирус” деп, “чек аралар жабылды” деп дүрбөлөң түшүп жатпайбызбы”,-дейт Толкунбек Абдыгулов.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Ага чейин Улуттук банк валюталык интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион долларды 72,90 сомдон сатыкка чыгарган.

Кесээ, 19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарды. Акча алмаштыруучу жайлардын маалыматына караганда, башкы банк бир долларды 84,85 курс менен сатты.

Бүгүн, 20-мартта Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар 80-82 сомдон сатылууда.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости