www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Иманалиев: ЖРТнын босого баллын көтөрүү керек

Айрым райондордо окуучулардын 87 пайызы "эки" деген баага окуйт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, ЖРТнын босого баллын түшүрүү менен окуу сапаты начарлайт.

"Айрым райондордо окуучулардын 87 пайызы, айрымдарында 83 пайызы жалпы республикалык тестирлөөнүн болбогон 110 баллдык босогосунан өтө албайт. Бул деген окуучулар "эки" деген баага окуйт дегени.

Тескерисинче, биз ЖРТнын босого баллын көтөрүшүбүз керек. Бардык окуучуларды жогорку окуу жайларга окугула деген жокпуз. Кесиптик окуу жайларды тандасын",- деди министр.

Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев окуучулар жогорку окуу жайларга кире албай, мигрант болуп кетип жатканын айтты.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости