www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия чемпионаты: Алыш боюнча балбандар дагы 11 медаль утту

Кыргызстандык балбандар алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатында 18 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-май күнү Өзбекстандын Жизак шаарында өткөн алыш күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер жыйынтыкталган. Кыргызстандык спорчтулар 11 медаль — 3 алтын, 4 күмүш, 4 коло уткан.

Кыз-келиндер арасында Аземи Камчыбекова (65 кг) жана Нагира Сарбашова (+75 кг) алтын медаль тагынган. Ал эми, Элза Абдыкадырова (60 кг) менен Мырзайым Шайбекова (70 кг) күмүш медалга татыган. Ошондой эле, Аяна Расулбекова (55 кг) коло байге алган.

Эркектер арасында Азизхан Мусабек уулу (90 кг) алтын уткан. Шерныяз Айбек уулу (70 кг), Ирлан Казбек уулу (80 кг) күмүш медалга ээ болгон. Баяман Абидинов (60 кг), Шеринбек Аалы уулу (100 кг) жана Бахтияр Мирлан уулу (+100 кг) коло медаль алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстандагы Азия чемпионатында алыштын классикалык түрү боюнча кыргызстандык балбандар 7 медаль уткан. Алардын алтоо алтын, бирөө коло байге. Муну менен кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында жалпы 18 медаль алды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости