www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Куру намысты тыйып, акыл менен бололу, айыл-чарбаны жандандыралы», - деди бүгүн, 11-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, президенттин сөзүнөн кийин УКМК менен соттор өз ишин кылышат деп ишенсек болобу?
- Президент соттордун форумунда абдан катуу сүйлөдү. Мурдагылар мындай чукул талаптарды коюшкан эмес. Жалпы сөздөр менен эле чектелишчү. Анын сөзүнүн контекстинде Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков дагы соттордун алдына конкреттүү тапшырма- маселелерди койду. Эми биротоло ээнбаш болуп алышкан соттор угушаар бекен. Эгер андай болушпаса саясий бийлик аларды түп тамырдары менен тазалап, люстрация кылууга аргасыз болушат. Ал эми УКМК дагы көп ойлонтоор сөздөр айтылды.
- Элибизге дыйканчылыкты өнүктүрүү үчүн кредитти өкмөт көзөмөлгө алышы керекпи?
- Министрлер кабинети президенттин Жарлыгын аткарып, дыйкандарга жана фермерлерге кредиттерди бере баштады. Бул иш-чарага деп 26 млрд сом акча бөлүндү. Абдан чоң сумма болгону менен каалоочулардын бардыгына, албетте жетишпейт. Эмкисинде дагы бөлүнөт деп жатышат. Ошондуктан, дыйкандар алынган кредиттерди туура пайдаланышса.
Той-топурду дагы жыйыштырып, келечек үчүн жан үрөп иштешээр бекен? Президент дагы алдын алып сарамжалдуу жашоого арналган Жарлыгын жарыялады го? Мындай кадамдар жөн жерден жасалбайт. Куру намысты тыйып, акыл менен бололу. Айыл-чарбаны жандандыралы, да!
Булак: NazarNews.kg