www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин башкы директору Патриция Данци жетектеген Швейцария конфедерациясынын делегациясын кабыл алды жана соода-инвестициялык, финансы-техникалык жана гуманитардык тармактагы кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров швейцариялык делегацияны эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктады.
«Швейцария республикабыз үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш бойдон калууда. Биз Швейцариянын өлкөбүздөгү демократияны, рынок экономикасын жана анын социалдык өнүгүүсүн калыптандыруудагы көмөгүн жогору баалайбыз», - деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Швейцариянын делегациясына жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Ал Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасы менен экономикалык кызматташуунун орто мөөнөттүү жаңы программасынын бекитилишин кубаттады жана кыргыз тараптын өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана программаларды ар тараптуу колдоого даярдыгын ырастады.
Акылбек Жапаров кыргыз-швейцариялык мамилелерин чыңдоо максатында 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Швейцария Конфедерациясына расмий сапарын уюштурууну сунуштады.
Өз кезегинде делегациянын башчысы Патрисия Данци белгилегендей, Швейцария конфедерациясы Кыргыз Республикасы менен достук мамилени жогору баалайт жана Швейцариянын өлкөнүн социалдык-экономикалык жана демократиялык өнүгүүсүнө, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын туруктуулугун, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишиндеги башка артыкчылыктуу багыттарына колдоо көрсөтүү максатында кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады.
Булак: NazarNews.kg