www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Токсон кеткен соң томуктай тоң калбайт» дешет кыргыздар, 11-март күнү табиятта токсон чыккан күн. Балким эсепчилердин эл аралык күнү деп койсо жарашмак. Анткени, токсон чыккан соң жылуулукка бет алып кыш тамам болот. Эгер “Кемпир ыйлаак” 20 сынан 26 – февраль ичинде борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында өрүк гүлдөгөндө кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар: “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет. Быйылкы жылы чилде чыккан мезгилде кар жаап «Кемпир ыйлаак» жакшы эле кеткендей болду. Ылайым көктөмдө суугун жибербесе экен.
Эсенбай эсепчи чилденин, сууктун чыгышын төрткө бөлгөн экен. Эң биринчи чилденин дал баш чагында, “Кырк жигит” кетет деген. Бул 19- январдан 2-февралга чейин 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болот. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”- деп коюшат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп кар кайта- кайта жааса “ Жыл жаанчыл жакшы болот экен” – дептир жарыктык. Эгер “Кырк жигит” кетип жатканда күн жылымыктап, кар жаабай калса, Эсенбай эсепчи кайгырып: “Бул жыл оор болуп калчудай. Быйыл жаан жаабай, кургакчыл болуп жер түшүм бербей дыйкандарга кыйынчылык болот окшойт. “Кырк жигит” кылжыңдап чыкты, арты жакшы болсо экен” –деп калчу экен.
Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча андан кийинки сууктун чыгышы 2-февралдан баштап “Кырк кыз” кетет. Бул дагы он эки күнгө созулуп, 2- февралдан баштап 14-февралга чейин “Кырк кыз” кете баштайт. ““Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан, “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар ээрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык.
Чилденин акырында 14 – февралдан баштап дагы он эки күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар. Муну 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. ““Кемпир ыйлаак” биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.
“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.
Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Куйругу менен козу калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй
Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй
Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…
Барганактуу борошо бороон кылбаптырмын
Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин
Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп боздоп ыйлап кар борошолотуп буй түшүрүп кетет имиш.
Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» -деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди билдирет. Үркөр так төбөгө келгенде кыш аяктап калат токсон түшөт, ушул учурда жерде тоң кармалып турат. Кыш чилдесинен соң “Кемпир ыйлаактын” ичиркенген суугунан кийин дагы 12 күн 26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. атышты.
“Токсондогу чалдын” мезгилинде бирде күн жылуу болсо бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну “Токсондогу абышка онтоп, ары - бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып атат” - деп коюшат. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Токсон чыгып жатканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот экен. «Токсон чыгып, томуктай тоң калбай калды» - дешчү экен кыргыздар.
Эсенбай эсепчинин эсептөөсүндө мына ушул токсондун чыгышы да жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу? Жаз эрте келеби же кеч келеби? Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу? Эсенбай сыяктуу эсепчилер ушул токсондун чыгышын жана кыш чилдесинин ар бир күнүн кандай болуп өткөнүн эсептеп, кандай сыр көрсөтүп жатат деп, өзгөчө эсине сактап байкаган.
Жалган курандын 15 жарыгы «үт маалы», 15 караңгысы «соор маалы» аталат. Жалган куран бешинен Үркөр менен Ай тогойт. Куут бүткөндө курандын эркеги мүйүзүн таштайт, ургаачысынын мүйүзү жок болот. Ургаачысы менен эркеги экөөнүн айырмасы жок болуп калат. Илгери Чоют сыяктуу мергенчилер экологияны окубаса да, тукум бере турган жаныбарлардын ургаачысын аткан эмес. Куран деп эликтин эркегин айтат, ургаачысын телки дейт. Жалпысынан элик деп атайбыз. Ошондуктан, жалган куранда мергенчилер ууга чыгып эликтин кайсынысы куран, кайсынысы телки экенин ажырата албагандыктан, ушул айды жалган куран деп атап калышкан. Чын куранда курандын мүйүзү чыгып 10-15 сантиметр болуп эркек, ургаачысын ажыратып калышкан. Кыргыздардын алгач жашоосу негизинен аңчылык менен өткөндүктөн, айларга кайберендердин аттарын коюп, жылдын башын «жалган куран», «чын куран», «бугу», «кулжа», «теке» – деп башташкан. «Жалган куран» деп аталганынын дагы себеби, элик тогуздун айында жүгүрүп жана токтолот. Жалган куранда түйүлдүк анча билинбейт. Бооз - кысыры жалган, арсар чагы. Ошол себептен жалган куран дейт. Чын куранда бооз - кысыры анык болгон үчүн ал айды чын куран дейт.
«Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат», президенттин башын президент жутат. Бул туура айтылган экен акыркы мезгилде жааган сары кар кышында жаап эрий албай турган эски карды бүт шыпырып кетти. «Кандын башын кан жутат», президенттин башын президент жутканын бийлик улам алмашкан сайын көрүп жатабыз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg