www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Улугбек Зулпукарович, азыр көпчүлүк эксперттер 24- февралдан кийин дүйнө башка жагына өзгөргөнүн айтып жатышат. Мындай кырдаалда Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекет кандай кадамдарды жасашы керек? Инфляцияны кантип ооздуктайбыз, экономиканын темпин кантип түшүрбөй сактап калабыз?

- Бул өтө оор маселе. Ошон үчүн биз өкмөттүн антикризистик программасын күтүп жатабыз. Иштеп чыгып, парламентке алып келиши керек. Соцфонддун төрагасы болсо эчтеке болбогонсуп, “биз пенсияларды 1-октябрдан көтөрөбүз, ошого план кылып жатабыз” дейт.

1-октябрды күтүп отуруунун кереги жок азыр. Учурда баалар ушунчалык ыкчамдык менен көтөрүлүүдө, биз анын артынан кууп жете албай жатабыз. Биз токтомго сунуш кылабыз, пенсияларды октябрды күтүп отурбай, 1-апрелден, же майдан көбөйтүү керек.

- Бирок, айлыктарды, пенсияларды көтөргөн менен ал эмне менен бекемделет? Кыйратып иштеп жаткан өндүрүш болбосо...

- Ушундай оор кырдаалдан да Кыргызстан өзү үчүн пайдалуу бир нерсе таба алышы керек. Башка жолубуз жок. Жаныбызда Кытай турат, Орто Азия өлкөлөрү турат. Баарыбыз бирдикте сүйлөшүп, бир чечим чыгарышыбыз кажет. Антпесек оор, кыйын болот.

- Кечээ жакында эле ЖМКларда “Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу пандемияга чейинки деңгээлге кайра жетти” дегендей маалымат жарыяланды. Бул канчалык чындык?

- “Эркечтам менен Торугарттагы жүктөрдүн өтүүсү пандемияга чейинки деңгээлге жетти” деп айтышты. Эгер ал маалымат чын болсо, сөзсүз натыйжасы көрүнөт. Бирок, тез арада эмес. Акырынакырындап сезилет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости