www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандык белгилүү журналист жана блогер Элдор Асанов президентке кайрылып, өзбек журналисттерин жана блогерлерин “орустун пропагандалык жийиркеничтүү чабуулунан” коргоого чакырды.

Асановдун кайрылуусу “Россия 24” каналындагы “Роберт Францев менен Азия борборунда” аталышындагы берүүдөн кийин жарыяланды. Анда өзбек ЖМКлары Украинадагы согушту чагылдырууда Киевди жактап жатат деп айыпталган. Берүүнүн автору Роберт Францев өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, “улут аралык ажырымды козуткан” ЖМКларга чара көрүүнү талап кылган.

Өзбекстанда расмий басылмалар азыркыга чейин Украинадагы согушту чагылдыра элек. Бул темага токтолгон көз карандысыз ЖМКлар Өзбекстан президентинин администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинен эскертүү алышкан.

Элдор Асановдун билдирүүсүндө, Кремль Украинадагы “аскердик агрессияны” айыптаган өзбек басылмаларын көзөмөлдөөгө аракет кылып жатат.

Азырынча Ташкен да, ЖМКларды көзөмөлдөгөн агенттик да “Россия 24” каналында чыккан берүү боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Орусия Украинага чабуул жасаган алгачкы күндөрү бир катар блогерлер Кремлди жактаган Өзбекстандагы каналдарды жабууга үндөшкөн. Бирок Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги буга комментарий берген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости