www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Ынтымак” турак жай комплексиндеги батирлердин ички жасалгалоо иштерин көрүп чыкты. 

Аталган турак жай комплексиндеги бардык батирлердин ички жасалгалоосу Президенттин Иш башкаруучусуна көрсөтүлгөн үлгүдө жүргүзүлөт.

Башкача айтканда, көрсөтмө батирлердеги шарттар ар бир үйдө болуп, жашоого даяр абалда тапшырылат.
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан бул турак жай комплексинде премиум-класстагы батирлер болот.

Комплекс шаардын ыңгайлуу жана келечектүү аймагында жайгашып, жашоочулар үчүн бардык шарттарды камсыз кылынат. 
Таанышуу учурунда Каныбек Туманбаев курулуш жана ички жасалгалоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ал жооптуу кызматкерлерге курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү менен катар, объектти белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында заманбап инфраструктура түзүлөрү маалымдалды. Комплекстин аймагында балдар аянтчалары курулуп, мектеп менен бала бакча заман талабына ылайык салынат. Ошондой эле тургундар үчүн жетиштүү деңгээлде унаа токтотуучу жайлар каралган.
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан иштелип чыккан баа саясатынын негизинде, бүгүнкү күндө бул аймактагы батирлердин бир чарчы метринин баасы үлүшчүлөр үчүн 1420 долларды түзсө, кезекте турган жарандар үчүн болжол менен 1100 долларды түзөт.
Иш сапарынын жыйынтыгы менен Каныбек Туманбаев тиешелүү жетекчилерге бардык курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Последние новости