www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун жакын кадрлары чекесинен камалып келе жатат. Ишеним артуу менен берилген кызматтар ак ниеттүүлүктө аткарылбай жатканы эмнени билдирет?

Мисалы, Алымкадыр Бейшеналиев отуруп чыкты, Теңгиз Бөлтүрүк түрмөдө, Доскул Бекмурзаевге кылмыш иши козголду, бир буту тиги жакта... (Башкаларын санабай эле коёлу).

Кезек кимде? Күч органында иштеген кыраакы полковниктин айтуусуна караганда, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев боюнча тымызын териштирүүлөр, текшерүүлөр болуп атканы, мерчеми келгенде жыга чабылары айтылды.

“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. “Шопур Икрамдын шопуру” лакап атына конгон бул эргулдун кантип байыганы, мүлктөргө тез эле ээлик кылганы, кимдерди каматканы боюнча баары иликтенип, миллиондорго, кыңыр иштерге аралашканы, айтор, түрдүү жоруктары ачыкталабы?

Азырынча көп сырлар бугуп жатат. Кыскасы, Каныбек Туманбаев жакында камалабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости