www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл району боюнча 2017-жылы 39 адам кене чактырып алып, жардам сурап кайрылышкан. Бул адамдарга өз убагында иммуноглабулин сайылып, алдын алуу иштери аткарылды. Кененин активдүү убагы жалган куран айынан башталып, аяк оона айынын ортосуна чейин  уланат. Бизде жыл сайын эмдөө өтүп турат, токой чарбасында, мал чарбасында эмгектенген адамдарды эмдөө жолу менен алдын алабыз.

Тоого чыкканда ачык түстөгү жеңи узун, узун шым кийип, бутуна ачык эмес бут кийим кийиш керек. Кайсы бир убакыт өткөндөн кийин бири-бирин карап, «кене чаккан жокпу» деп текшерип туруш керек.

Адистер бактуу жерлерде баш кийим менен жүрүү керектигин эскертишет. Эгер денесинен кенени таап алса, дароо жашаган жердеги бейтапканага кайрылуусу зарыл, того чыккандар сөзсүз тамак жасашат, суу май алып барышат, ошол майдан кенеге үстүн көмүп кургандай кылып кармап туру керек. Кене  жармашып, жөндөн-жөн эле түшүп калбайт. Ошол жерге жипти байлап, майдын алдында кенеге аба жетпей калат дагы акырын буттарын, тумшугун бошото баштайт. Эгер дароо чыгарам деп, катуу тартып алса тумшугу денеде калып калат. Ошондуктан жипти акырындап кыймылдатып отуруп анан чыгарыш керек. Ага жарым саат, бир саат убакыт кетет.

Чыгарылган кенени кичинекей бөтөлкө же пакетке салып бизге алып келишет. Биз анын түрүн аныктап беребиз. Эгер энцефалиттик болуп калса, анда кене чаккандан төрт суткага чейин убакытта сөзсүз түрдө иммуноглабулин алганга жиберебиз. Эгер андан ашып кетсе, кандын анализи аркылуу аныктайбыз.

Отуз күнгө чейин үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунда тиешелүү врачтарга каттоого турат. Ушул убакыт аралыгында эртеъ менен кечинде температурасын текшерип туру зарыл.

Кене чагып алгандан кийин  кене энцефалит оорусу дароо эле пайда болбойт. Ал бир күндөн отуз күнгө чейинки убакытта ооруп калышы мүмкүн.

Негизинен 7-14 күндүн аралыгында ооруп калат. Мында адамдын температурасы көтөрүлөт. 38-39 градустан түшпөй турат. Адам аябай катуу алсырайт, алы кетет. Оорулуу куса баштайт. Андан тышкары моюндун булчуңдары, арка-бел, ийин ооруйт. Бул жыйынтыгында шал оорусуна жана өлүмгө алып келет.

Мындай кооптуу абалдын алдын алуу Чолпон-Ата шаарындагы бейтапканасында эмдөө акысыз жасалат.

Жазгул Урмамбетова, NazarNews.kg

Ыйсык-Көл облусу

Последние новости