www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда быйыл 6-январда Капитолийди басып алууга катышкан деп шектелип 500гө жакын адам камакка алынды. Бул тууралуу Американын федералдык иликтөөлөр бюросунун башчысы Кристофер Рей Эл өкүлдөр палатасынын юридикалык комитетинде сүйлөп жатып билдирди.

Ал учурда тергөө уланып жаткандыктан окуяга тиешеси бар дагы башка адамдар кармаларын эскерткен.

Рейдин айтымында, камалган адамдар белгилүү бир мыйзам бузууларга шектелип жатат. Ал бийлик январдагы окуянын катышуучулары өз көз караштары үчүн куугунтукталбагын белгилеген.

Эскерте кетсек, быйыл 6-январда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары 2020-жылдын ноябрь айында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө жол бербөө үчүн Конгресстин имаратын басып алган. АКШнын Юстиция министрлиги ал окуяда 1,5 млн доллар зыян келтирилгенин эсептеп чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости