www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ишкерлери 12 келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Наманган облусунун делегациясынын Жалал-Абадда болгон сапарынын экинчи күнүндө облус башчыларынын жана 100гө жакын ишкерлердин катышуусундагы “Жалал-Абад-Наманган-2021" бизнес-форуму болуп өттү. Анда алгач делегация өкүлдөрү көргөзмө-жарманкеде жергиликтүү өнүрүүчүлөрдүн эмгектери менен таанышты.

Форумдун алкагында Жалал-Абад облусунун инвестицяилык мүмкүнчүлүтөрү боюнча кеңири маалымат берилди.

Тараптардын ишкерлери жалпы 12 келишимге жетишти. Аларда басымдуу намангандык бизнес өкүлдөрүн кызыгуусун жараткан Жалал-Абаддагы туризм, тоодогу балчылык, табигый өндүрүлгөн айыл-чарба азыктары жана ташты кайра иштетүү тармактары болду.

Алдыда облус башчылары тарабынан макулдашылган келишимдер боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөөрү белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости