www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кара баатыр” кайтат экен, бирок…

Илгери совет бийлиги оргондо Кыргызстандын түштүгүндө элдин үстүнөн камчы үйрүп, элдин эсебинен жашап келгендер жаңы бийликке каршы чыгышып жаңы чарбалардын мүлктөрүн өрттөшүп, айрым адамдарды өлтүрүшүп, карапайым элге бүлүк салышкан. Аларды “басмачылар” аташкан. Ошол басмачылар аялдан чыккан биринчи чарба жетекчиси Уркуя Салиеваны өлтүрүшкөн. Алар, басмачылардын кор башылары Көр Шермет, Мойдун Паңсат, Мадамин бек, Жаныбек казы сыяктуулар болгон. Булардын айрымдары совет бийлигине колго түшсө, айрымдары Кашкар, Ооган тарапка өтүп кетишкен.

Азыр эми адам өлтүрүп, элдик чарбаларды өрттөшпөсө да дал ошол басмачылардай мамлекеттин каражатын шылып алышып чет жерге качып кетүү адатка айланды. Ошолордун бири Ош шаарынын мурдагы мэри, бул учурда өзүн Алымбек даткадай эле сезип калган, “кара баатыр” каймана аты бар, бийликтин капканынан качып азыр чет өлкөдө жүргөн Мелис Мырзакматов жакын арада өлкөсүнө кайтып келээри тууралуу салам жолдоптур.

Ал кабар азыр бир топ ММКларда боркулдап жатат. Бирок ал, Садыр Жапаровдой болуп Бишкек аркылуу келип колго түшүп калуудан чочуп, Өзбекстан аркылуу келет имиш. Анын мындай болжолдуу тактикасын ишке ашырыш үчүн бийликтеги таасирдүү адамдар менен тымызын кеңешип чечкендей.

Булар шайлоо алдында түштүк аймагын, дегеле коомчулукту толкутууну көздөгөн күчтөр болушу да мүмкүн. Мелис мырза чындап эле Ошко келсе 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн тушундагыдай атайлап уюшулган эл, айрыкча ОБОНдор жети катар болуп аны коргоп алышып, чачелекей салгандан да кайра тартчудай эмес жана мүмкүн…

Булак: "Айгай"

Последние новости