www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара буудайдын уну кошулган нан абдан пайдалуу

Кара буудайдын уну кошулган нан абдан пайдалуу. Анткени, анын курамында организмге керектүү заттар көп. Ден-соолукка пайдалуу. Ошондой эле кебектен жасалган нандын да пайдалуулугу жогору. Организмди баалуу белок, витамин жана клеткалар менен камсыз кылат. Эң башкысы адамдын иммунитетин көтөрөт. Чындыгында кара нандын пайдалуу жагы экенин адистер  эске салышат. 

Андан токсиндер жана аллергия пайда болбойт. Ошону менен бирге  кара нан жеген адамдар ашыкча салмактуулук менен жабыркашпайт. Себеби, курамында көптөгөн никотин кислотасы бар. Ашказан, ичеги, гипертония,  атеросклероз ооруларына чалдыгуу коркунучу азаят.  Кара ундан жасалган нандын түсү кочкул күрөң, ал эми ак ундун наны алтын түстүү  болушу шарт – дейт серепчи Сейтек Кулубаев. 

Кара нан адамдын ден соолугуна көп жагынан  пайдалуу. Ал тургай анын кебеги дары катары даарыканаларда сатылып жатканын  дарыгерлер белгилешет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости