www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакбаев: «Балдар бактылуу болушса - биз үчүн ошол бакыт!»

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Арча Бешик, Ак Өргө жана Ак Ордо турак жай конушунда жашаган №93 жалпы билим берүү мектебинин окуучуларын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-декабрында Министр Руслан Казакбаев ТИМдин жамаатынын атынан балдарды жана мугалимдер жамаатын келе жаткан жаңы жыл майрамдары менен куттуктады жана аларга ийгилик, чың ден соолук, бакубатчылык, каалоо-тилектеринин ишке ашуусун каалады жана окучууларга, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга Министрликтин кызматкерлеринин жеке каражаттарына сатып алынган жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Министр өлкөнүн мамлекеттик органдарынын эң маанилүү милдеттеринин бири энеликти жана балалыкты ар тараптуу колдоо, өсүп келе жаткан муунга бакубат жана терең билим берүү менен тарбиялоо болуп саналарын белгиледи.
«Балдардын жүзүнөн жылмаюу кетпей, бактылуу болушса, балалык мезгил жакшы иштер менен коштолуп жана тарбиячылардын, мугалимдердин, жакындарыңардын жана досторуңардын камкордугу курчап турса, бул биз үчүн бакыт. Биз силердин акылдуу, ар тараптуу өнүгүшүңөр жана сак саламатта болушуңар үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз!»

Тышкы саясий ведомствонун башчысы: «Биздин келечек силерсиңер – балдар. Окугула, өскүлө, максат койгула, кыялдангыла. Ар дайым бийик тилектерди жана максаттарды алдыңарга койгула. Эч качан максаттарыңардан кайтпагыла. Врач, мугалим, космонавт болууну кыялдангыла. Эң негизгиси өлкөгө, коомго, биздин Кыргызстандын керегине жараган адамдардан болгула», — деген тилегин билдирди.

Тилекке каршы, 2020-жыл бүткүл дүйнө үчүн, анын ичинде көп улуттуу Кыргызстандын эли үчүн сыноо жылдардан болду. Ага карабастан биздин эл бул сыноолордон татыктуу өттү. Өлкөбүздө дайыма тынчтык болсун жана гүлдөп-өссүн, ал эми элибиз биримдикте жашасын. Элде биримдик, ынтымак болгондо гана ар кандай кыйынчылыкты жеңебиз жана заманбап доордун коркунучтары менен чакырыктарына каршы турабыз.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости