www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Көл шаарындагы лагерден качып кеткен 4 жоокер кармалып, 19-июнда кайра аталган жайга жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аскерге чакырылган жигиттер лагерди өзүм билемдик менен таштап кеткенинин себебин жакындарын сагынгандыгы менен түшүндүрүшкөн.
Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, бул окуя боюнча учурда териштирүү иштерип жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасына жиберилет.
№718 аскер бөлүгүнүн катарын толуктоо максатында ушул жылдын 3-июнунда аскерге чакырылган балдар келишкен. Ошондой эле коронавирустун алдын алуу үчүн аскер бөлүгүнөн алыс жайгашкан лагерде атайын жай уюштурулган. 17-июнда бул жерден аскерге чакырылгандардын арасынан төртөө качып кетишкен.
Аталган 4 жигит аскердик ант бере элек.
Булак: NazarNews.kg