www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүүнү камсыз кылуу шарт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновго таянып, өкмөттүн басма сөз кызматы жазып чыкты.

«Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Коопсуздук кеңешинин отурумунда белгиленгендей, дагы бир жолу белгилей кетким келет, облус жетекчилери өзүңөргө тийиштүү аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчилигиңер бар. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук кеңешинин бардык тапшырмалары, чечимдери сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, 118 кызматынын дараметин күчөтүү зарыл.

«Коомчулук тарабынан бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразылыктар түшүүдө. Эгерде жаран колл-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Колл-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кызматтын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет», - деди ал. 

Премьер-министр мамлекеттик лабораториялар анализдер кыска убакыттын ичинде чыгышы үчүн күнү-түнү иштөө режимине өтүүгө тийиштигин айтты. Мындан тышкары жеке лабораториялар тарабынан COVID-19 анализ алуу маселесин иштеп чыгуунун маанилүүлүгү белгиленди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости