www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК шайлоонун тартиби боюнча «чүчүкулак» кармашып орундар такталып, партиялар үгүт иштерине киришти. Президент Жапаров былтыр баштап келген «Мекенчил партиясы» бул тизмеде жок, ал эми жол кирени көтөргөн премьер Жапаровдун өңү бардык бийликчил партияларда көрүнүп турат.

Катыша турган партиялардын саны 21, алардын арасында азуулуулар «Улуттар биримдиги», «Ата Журт Кыргызстан», «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан». Өкмөт башчысы Жапаров колдой турган партиялар «Ынтымак», «Альянс» («Бир болдун» боссу Сулайманов бар) , «Ишеним», Атамбаев колдой турган партия - «Социал-демократтар», кудалар колдой турган партия «Улуу-Журт», булар негизги күрөшө турган партиялар.

Ал эми «Кыргызстандын жашылдар партиясы» көп шайлоодо кол топтой албай келатат, былтыркы парламенттик шайлоодо «Ыйман Нуру» жакшы иштеген. Калгандары болсо, "Азаттыктан" башкасы: «Эт менен челдин ортосунда жүргөндөр»...

1. «Ата Мекен»,

2. «Бүтүн Кыргызстан»,

3. «Альянс»,

4. «Легалайз»,

5. «Ыйман Нуру»,

6. «Күчтүү регион»,

7. «Кыргызстандын Либералдык-демократиялык «Багыт» партиясы,

8. «Ынтымак»,

9. «Ишеним»,

10. «Азаттык»,

11. «Мекенчил эл»,

12. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»,

13. «Жашасын Кыргызстан»,

14. «Социал-демократтар»,

15. «Партия народного достояния — Аруузат»,

16. «Патриотическая партия единения Кыргызстана»,

17. «Улуттар биримдиги»,

18. «Эл үмүтү»,

19. «Ордо»,

20. «Улуу-Журт»,

21. «Ата Журт Кыргызстан».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости