www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда чагылган түшүп бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июль күнү кечинде Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында чагылган түшүп, кырсыктын кесепетинен мал кайтарып жүргөн 2007-жылы туулган эркек бала каза болгон.

21-июлда Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча 18:45те күндүн күркүрөшү башталып 21:40ка чейин уланган. Буга чейин Ош облусунда көпчүлүк аймактарда жаан жаап күн күркүрөшү күтүлөт деп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости