www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан акыркы жети күн ичинде коронавирустун жаңы учурлары жана адам өлүмдөрүнүн саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу “The New York Times” басылмасы кабарлады.

Маалыматына ылайык, бир аптанын ичинде республикада жаңы учурлардын саны 16 миң 807ге жеткен, бул 100 миң адамга 266 учур. Өлгөндөрдүн саны 930 (100 миң кишиге 15).

Кыргызстандан кийинки мамлекеттердин катарында Оман (10 миң 319), Бахрейн (3 миң 238), Черногория (1 миң 94) жана Панама (7 миң 57), каза болгондордун саны боюнча – Чили (1 миң 608), Панама (199), Перу (1350) жана Бразилия (7,354) турат.

Белгиленгендей, тизме өлкөлөрдүн калкынын жалпы санын жана 100 миң кишиге эсептелген учурлардын санын эске алуу менен түзүлгөн.

Аталган рейтинг бир аптада бир ирет жаңыланып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости