www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Сууда 7 жаштагы баланын сөөгү суудан табылды

Кара-Суу районунун Ачы айылындагы каналга агып кеткен 7 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Баланын сөөгү бүгүн, 10-августта табылды. Учурда Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тиешелүү иштерди алып барууда.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы кечээ, 9-августта Ачы айылындагы каналга 7 жаштагы эркек бала агып кетип, издөө иштерине 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости