www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза тапты

Кечээ, 9-августта Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол жолунун 29-чакырымында (Тору-Айгыр айылы) «Хундай-Соната» жана «Камаз» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктан эки киши (1992-жылы туулган аял киши жана бир эркек) мүрт кеткенин, дагы бир адам жаракат алганын билдирди.

Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жаракат алган адамды «Тез жардам» кызматы Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып кеткен.

Кыргызстанда соңку айларда жол кырсыктары көп катталууда.

Эске сала кетсек, өткөн айда эле Тоң районунда Балыкчы-Кочкор автожолунун 4-чакырымында болгон автокырсыктан үч киши каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости