www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бирлешкен айылында футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Футбол аянтчасынын курулушу жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлгөн.

Аянтчага 2022-жылы Баткендеги кагылышууда баатырларча курман болгон УКМКнын чек ара заставасызынын 2023 аскер бөлүгүнүн улук мээлөөчүсү, кенже сержант Мирлан Ниязовдун ысымы берилди.

35 жаштагы Мирлан Ниязов 8 жылдан бери аскер кызматкери катары Баткен облусунун "Чарбак" заставасында мээлөөчү оператор болуп эмгектенип келген. Ага "Достук" чек ара бекетинде ок тийип, мойнунун эки жерин тешип кеткен.

Ал 1987-жылы Ош облусундагы Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында туулган. Артында бир уул, бир кызы калды.

Последние новости