www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путинди эмнеге Гаага соту соттош керек? Өтө күлкүлүү! Путин, Саддам Хусейинди Иракта "химиялык курал-жарагы бар" деп, ак жеринен каралап, дарга асып, балдарын өлтүргөн жок. Мындай пикирин журналист жана жазуучу Салима Шарипова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

— Салима эже, саламатсызбы. Учурда социалдык тармактарда бири батышты, бири орусту колдоп эле тытышып жатып калышты. Сиз тарыхты өтө жакшы билесиз, пикириңизди айта кетсеңиз.  

— Убакыттан пайдаланып жалпы Кыргызстандын элине жана атка минерлерине кайрылып кетемин! Мурунду чүйрүп фашисттен деле жек көргөн эрмегибиз жакындан бери орус болуп калды. Орустардан да өтө кетип - айрым куйтулар Гаага соту Путиндин түбүнө жетүүсүн тилеп жатышат. Карыздарыбызды кечип, айланада жок мектепти салып берели десе өздөрүнүн деле, тилин деле жеригендер көбөйдү. "Өз агасын агалай албай киши агасын сагалайт", болуп жатабыз. Кыргыз - дүйнөдө жети эң байыркы элдердин жана мамлекеттүүлүктүн ээси. Кириллица байыркы руникалык кыргыз жазмаларынын негизинде иштелип чыккан. Кирилл менен Мефодий аны жашырбаса - биздин ала өпкөлөргө, кыргызга кайнаса каны кошулбаган Римдик папага жана азыр биздин Куранды өрттөгөн жана медицина пайдаланган латиницага эрмешип жатышат. Кыргыз тектүүлөр деген чакырыктардан айбыгып, жалтанып түрк тилдүүбүз деп жалпактап жабышып жүргөндөрдү көрүп таң каламын. Кандай болгон күндө дагы досту достой, жакшылыкты жакшылыктай, ажаат ачкандарды эстен чыгарбай укумдан-тукумга айта жүрүү адамдык сапатка туура келсе керек.

 — Путин тууралуу Гааганын билдирүүсү туурабы? 

— Путин учурда 17 чоң-кичине мамлекеттер менен согушуп жатат. Путинди эмнеге Гаага соту соттош керек? Өтө күлкүлүү! Путин, Саддам Хусейинди Иракта "химиялык курал-жарагы бар" деп, ак жеринен каралап, дарга асып, балдарын өлтүргөн жок. Каракчыларды жалдап, Ливияны 42 жылдын ичинде бир тыйын карызы жок, эң байыркы мамлекетке айланткан Муаммар Каддафини өлтүргөнгө катышкан жок. Путин жөндөн жөн эле расмий сапарга чыккан эр жүрөк Иран генералы Касем Сулейманды курулай доомат менен өлтүрүшүүдө катышпаган. Ушулардын баарынын бетин ачкан Путинди Гаага соту "соттош" керекпи? Гаага кимди соттошту билбей жатса, артын анализ жүргүзүп карап койсун!

Мурдагы Сириянын байыркы Пальмиранын эстеликтерин, шаарларынын, көчөлөрүнүн кооздугун элестетип көргүлөчү! Туризм ошол жерден башталчу. Чыгыш, Латын Америка жана Африка мамлекеттерин кордоону, адамдардын байлыктарын тоңдурумуш этип, митайымчылык менен менчиктөөнү, шылдыңдоонун, баш көтөргөн баатырларды кунсуз өлүмгө тартуу өнөкөтүн токтотуу үчүн өзүн-өзү өкүмдар жарыялаган канкорду токтотуп, аскер бузукулугун, эркекке эркек, катынга катын никелешкен Кудай ургандарга токтотууга бел байлап чыккан Путинди Гаага бериш керекпи?

Ливияда, Иракта, Сириядагыйдай уратуулар кудум биздеги "Путлер...Гаагага байыш кейек" деген кыңк-кыңктардан башталып жатканын өзү кооптуу көрүнүш. Бул турушунда бизге эчак эле таңгак-таңгак акча келгендей... Айрым бузукулар ар нерсени айтып жатышат, Путин Кыргызстандын канчалаган карызын кечти, жамандык жасайын деген оюу жок, сыртта жүргөн 1 млн кыргызды багып жатат. Оозуна келгендер, оттоп жүргөндөр тарыхты окугуңар келбесе, мен айткан мисалдарды кайра-кайра окуп койсо болот, - дейт Салима Шарипова.

Эске сала кетсек, Салима Шарипова — журналист жана жазуучу, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан Жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү. Эл аралык жазуучулар коомунун мүчөсү, СССР Жазуучулар союзунун жана КМШнын жазуучусу, "Серебряны Голуб" эл аралык сыйлыгынын лауреаты, "Ош" эл аралык альманахынын башкы редактору, Чүй университетинин ардактуу профессору, ЮНЕСКОнун сертификаты жана башка ардактуу наамдар менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости