www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Эң мыкты кинодолбоор" сынагына көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлорун кабыл ала баштады.

Конкурс жаш кинематографисттерди колдоо максатында уюштурулгандыгы айтылды.

Сынакка билдирмелер 2023-жылдын 14-апрелине чейин кабыл алынат.

Кабыл алуу эрежеси:

көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлору кабыл алынат;

катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болуусу керек;

долбоорлор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Талаптар:

Кинематография департаментинин директорунун атына кат;

өтүнмө (формасы тиркелет);

долбоордун кыскача синопсиси (формасы тиркелет);

календарлык план (формасы тиркелет);

Министрлик жогорудагы талаптарга жооп бербеген документтер кабыл алынбай тургандыгын эскертет.

Сурап билүү телефондору: +996 312 300265; +996 312 301047.

Последние новости