www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылында жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүрүлгөндөр чатыр менен камсыз болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Папан айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде 16-июнда ӨКМ тарабынан 10 орундуу 6 даана чатыр бөлүнүп берилип, коопсуз жерге орнотутуп берилди.

Мындан тышкары, Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан ар бир үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү эмеректер (идиш, кир жуучу каражаттар, жылытуу меши жана жууркан-төшөктөр) жеткирилип берилген.

Эскерте кетсек, 15-июнда аталган айылда эски жер көчкү көчкү жылып жаткынына байланыштуу көчу алдында калуу коркунучу бар 5 турак үйдөн 39 жаран коопсуз жайга эвакуацияланган.

Жер көчкү кайрадан активдешип, жер кыртышы 12-13 метрге чейин отура баштаган. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 00 м3 түзүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости