www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суунун акими Тилек Матраимов кызматтан кеттиби?

Кара-Суу райондук администрациясынын жетекчиси Тилекбек Матраимов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов ЖМКларга билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Матраимов район башчылыгынан кетти деген кептер тарап жатат.

Ошондой эле, Облус жетекчиси Юсупов бул маалыматты төгүндөп, Мартаимов кыска убакыттагы эс алууга чыкканын билдирди.

"Арыз жазды деген маалымат жок. Ал киши бир айлык отпускка кетти", — деди Юсупов.

Эске салсак, Матраимов Кара-Суу районун 2012-жылдын февраль айынан тарта жетектеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости