www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өпкө жабыркай баштаганда алгач кандай белги берет?

Россиялык дарыгер-пульмонолог Сергей Пурясев "Говорит Москва" радиостанциясына маек берип жатып өпкө оорусунун алгачкы белгилерин атаган. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Дарыгердин айтымында, адам энтигип, жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, жөтөлдөн какырык чыга баштаган учурда тезинен ооруканага кайрылышы керек. Пульмонолог аталган белгилер өпкөнүн жабыркай баштаганынан кабар берерин билдирди.

Пурясев энтигүүсү өнөкөткө айланып калган адамдар өпкө дартына кабылганын кантип айырмалай билсе болорун түшүндүргөн.

"Буга чейин энтигип жүргөн адамдар өпкө оорусунун энтигүү белгисин дароо айырмалай алышат. Мисалы, ага чейин алар машыгып, көп басып, айтор, күч келгенде гана энтиксе, өпкө дартына кабылганда энтигүү дароо өзгөрүп, бат-баттан кармай баштайт", — деди адис.

Пульмонолог адамдар биринчи белгилерге көп маани бербей, аларды этибар албай жүрө берерин айтып, бул кийин өпкөнү дарылоодо кыйынчылык жарата турганын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости