Шайлоо бүтөр менен жалпы тоталдуу болбосо да жарым жартылай карантин башталабы?
Кыска-нуска  |   |  1540

Тоталдуу карантин тоодой жүрөктөрдү да муз кылып катытып таштаган. Шамалдай чамынып келген шайлоо бүтсө экен деп көпчүлүк тилеп турат. Шайлоо бүтөр менен азыркы иштеп жаткан өкмөт отставкага кетип, убактылуу милдетин аткарууга өтөт. Ушундан улам тизгин тартылбай укмуштун бары башталбайбы? Мисалы, доллардын баасы көтөрүлүп кетиши мүмкүн, анда эле базардын баасы кымбаттайт. Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли 2 миллиард кубка кем, бул электр тарифинин көтөрүлүшүнө алып барышы ыктымал. Ал эми ооздукталып турган Ковид-19 дарттынын экинчи толкуну шайлоо бүтүшүн күтүп турат. Шайлоо бүтөр менен жалпы тоталдуу болбосо да жарым жартылай карантин башталышы күтүлөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями