www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Сузак РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бир топ профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери менен тыгыз кызматташып, окуучулардын терс жолго түшүүсүн болтурбоо үчүн район аймагындагы ар бир айыл аймактарда чакан жыйындар өткөрүлүүдө. Бул жерде өспүрүмдөр аралашкан кылмыш жана кырсыктарга бөгөт коюу чаралары жана аны ишке ашыруу жолдору талкууланып жатат.

Мындан сырткары жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерге балдарын көзөмөлгө алуу керектигин эскертишүүдө. Аралыктан окуусун текшерүү жана түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыгарбоо зарылдыгын жеткиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости