www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аз гана мурун, аз күндөр илгери эле алты айлаңды кетирген апаат кимди гана кейишке салбады. Бизде гана эмес дүйнө жүзүндө башы бүтүн, боору эсен адам калбаса керектир. Жоготуулардан улам канаган жүрөктөрдүн орду толуу да кыйын. Бүтүп бараткан жарааттын оозун тырмоо оңойбу?

Ушу күндөрү мен жана мен сыяктуу ооруну кудайдын амири менен жеңип чыккандар, оорудан калган саркынды менен күн-түндөп күрөшүп аткандар көп болсо керек. Ар таңды көргөнүмө, жанымдагы балдарым эртели-кеч эркелегенине, алыстагылары чалып, жазып ал-акыбалыма кабатырланганына кудайга миң мертебе тобо кылам.

Өлүм менен арбашкан оор күндөрү өлкөбүздүн булуң-бурчунан тааныган-тааныбагандар кабатырланып “сиздин ден-соолугуңузду тиледик, дуба кылдык” деп жакшы тилектерин айтса чын дилден ыраазы болосуң. Мен эстесем да унутуп калгандарды ошо жакшы адамдар эскертти. Акыркы он жыл бою үй бүлөбүз менен алымдын жетишинче, колумдун келишинче кайрымдуулук менен алектениппиз.

Ар жаңы жыл сайын 500дөн ашуу жетим, көп балалуу, мүмкүнчүлүгу чектелген майып, аз камсыз үйбүлөнүн балдарына балаты майрамын белек-бечкеги менен. Ар бир кышкы каникулда 500дөй бөбөккө коньки тептирип, альбом, тетрадь, карандаш, ручка жана башка белек-бечкегин кошо берип. Ар бир жылы 1-июнь балдарды коргоо күнүндө сууга сүздүрүп, сууга сүзүүгө гана кызыктырбастан жайкы каникул күндөрү бош отурбасын деп китеп, альбом, карандаш ж.б. бечкектери балмуздак, суусундугу, концерттик программасы. (Ошол иштерден улам көп бөбөктөрүбүздү баш айланткан компьютердик ж.б. азгырык оюндардан алыстатып, коньки, лыжа тээп, сууга сүзгөндү үйрөнгөнгө түрткү болдум дейм) Ар жылы 3-декабрь майыптар күнү 500дөй майыптыгы бар адамдарга белек-бечкек, чай, концерттик программа. Орозо, курман айт күндөрү мал союп тартыш үйбүлөлөргө таратып, майыптарга коляска, ходунок, телевизор, муздаткыч, кийим-кече айтор, көп иштердин башатында турдум. (Сен эмне кылдың дегендер үчүн. Ар бир иш чарамдын тыкыр отчету бар.)

Айтор, апааттан соң адамдардагы баалуулуктар өзгөрөт го деп ойлогом. Жок дегенде жан дүйнөнү тепчиген жаман сөздөрдү бир-бирине ыргытпай калышабы десем жамгырдай эле жаадырып атышат. Чынында жердин асты эле эмес, үстү да жиндилерге толуптур...

Шайлоо, шайлоо менен. Жүрөктөрдү канга толтурган ал секунддар унутулуп бараткандай. “Апааттын экинчи айлампасы келет” деп дүйнө жүзү кайрадан даярданууда. Бизчи? Ушуга чейин кайрымдуулуктун к тамгасын билбегендер шайлоо алдында козу карындай жайнады. Көрүнүп калыш үчүн. Биз го үй бүлөбүз менен жогоруда ар квартал сайын жасап келген кайрымдуулугубузду уланта беребиз.

Булуттан чыккан айга окшоп пайда болгондор добуш албай калышса бир чака шорпосу менен жарты нанын айтып догурунушаар бекен?
P.S. Апаат убагында өлкө ичинде, сыртында да элибизге эл катары да көмөк көргөздүк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости