www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу жана кинопродюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

--Өмүке, сиз сценарист жана продюсер катары “Президент жана бомж” көркөм тасмасын Кыргызстан гана эмес, чет өлкөлөргө таанытып, “Президент жана бомж-2”ни Бишкектен тышкары Астана, Москва, Берлин, Парижде, ал эми “Москва сүйүүсүн” Панкратов-Чёрный, Лев Прыгунов, Бари Алибасов, Александр Песков өңдүү орустун кино жылдыздарын катыштырып тартып, эми “Карахан таажысын” Казакстан, Өзбекстан, Турция менен биргелишеп тартууга далалаттанып атасыз. Ушул эл аралык ири долбоорго токтолсоңуз.

--Ооба, “Карахан таажысын” Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Турция биргелишип тартмакчыбыз. Буйруса, сценарий талкуудан өтүп, кино тартуучу топ түзүлдү. Сценарист Кыргызстандан, режиссёр Казакстандан, оператор Өзбекстандан, көркөм жетекчи Турциядан болмокчу. Ролдорду болсо төрт мамлекеттин элге кеңири белгилүү кино жылдыздары аткарышмакчы.

--Карахан каганатына азыркы кыргыздар, казактар, өзбектер, уйгурлар кирсе керек эле?

--9-кылымдын башынан 13-кылымдын башына чейин төрт кылым биздин ата-бабалар дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу Каганат – держава курушканы тарыхтан жакшы белгилүү. Ошол улуу болмушту көркөм чагылтсак деген максат койдук.

--“Карахан таажысы” качан тартыла баштап, элге качан туртууланмакчы?

--Кудайым буйруса, казак кесиптештерибиз менен июль айынын башында Астана шаарынын жана Казак Эл башынын туулган күнү майрамын өткөрүп алып ишти баштоону, элге октябрдын аягында тартуулоону болжоп турабыз.

--Казак эл башы демекчи, “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмасын Орусияда, Кыргызстанда тартып, уландысын Америка, Европа, Азия континенттеринин мамлекеттеринде тартууну максат кылып жүрдүңүз эле.

--Демек, көркөм тасма менен даректүү баянды катар алып жүрөсүз...

--Буйруса, жакын арада Европа, Америкага сапар тартканы турабыз.

--Кыргызстандан тышкары өлкөлөрдө кино тартуудагы максатыңыз эмнеде?

--Кыргызстан кичине мамлекетпиз. Казакстан, Өзбекстан, Турция менен тилибиз,  дилибиз, динибиз окшош, жакын, бир тууган элдербиз. Андыктан бири-бирибиз менен тыгыз карым-катнашта болуп, рухий жактан да жакындашсак деген тилек.

--Карахан учурунда бир мамлекет болсок азыр чачырап кеткенбиз да...

--Азыр дүйнөдө мамлекеттер, элдер жакындашып, биригип жатат. Мисалы, Евросоюз. Экономикасын бириктирип, бир акча чыгарышып, дүркүрөп өнүгуп атышат. Эмнеге биз, Түрк атанын балдары бир күчтүү каганат кура албайбыз?! Арийне, ар мамлекеттин өзүнүн көз карандысыздыгы сакталган, Евросоюз түрүндөгү калкы 150 миллдиондон ашкан зор Түрк каганатын курсак Америка, Кытай, Россия өңдүү дүйнөлүк улуу державалар менен терезеси тең сүйлөшкөн улуу күчкө ээ болбойт белек?!

--Биздин чыгыш калкы бийликке жакын эмеспизби, бийлик талашып, бир башчыга токтой албай, бирикпесек керек...

--Кечээ Астанада казактын бир катар коомдук ишмерлери менен маектешип отурсак Казак парламентинин депутаты Бекболат Тлеухан айтты: “Эми кыргыз элине береке, кут кирет. Кыргыз боорлорубуз Кудай деген, Кудай сүйгөн эл башчылуу болгонуна кубанып атабыз” деп. Өзбекстан да мыкты эл башчылуу болгонуна баарыбыз сүйүнүп атабыз. Туркия болсо, дүйнөгө жарк эткен чыгаан башчылуу болду. Түркмөнстан менен Азербайжан туугандар да идиректүү, тың жетекчиге ээ. Ал эми Казак эл башы Нураке азыр жалпы Түрк элинин аксакалы, эң кадырман башчысы болуп отурат. Андыктан, мисалы, Назарбаев жол баштаса, менимче, жамы Түрк жамааты колдоп кетмек.

--Түрк каганатын түптөп, ага Назарбаевди башчылыкка сунуштоо ою ошондо казак туугандардан чыгып атабы?

--Жок. Тескерисинче, заманыбыздын кеменгер ойчулу Чыңгыз Айтматовдун мындан 15-20 жылча мурда айткан пикирин улутташ иниси катары мен эскерип ортого салдым. Улуу Чыкебиз бекеринен Түрк элдери биригип отоо курсак деп жүрчү эмес эле да. Ал мезгилде жамы Түрк лидерлигине Чыке куп жарашмак. Эми Нуракенин доораны келип турат.

--Кызыктуу пикир-сунуштарыңызга ар бир түрк баласын ойлонтчудай. Ылайым Түрк атанын урпактары сиз айткандай биригип, дүйнөдөгү чоң күчкө айланышына тилек кылалы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости