www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча соттолгондордун реестри түзүлөт. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, быйыл апрель айында прокуратура жана Салык кызматынын алдындагы “IT- Сервис” ишканасынын ортосунда аталган реестрди камтыган маалыматтык система түзүү боюнча келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Учурда бул жаатта иштер жүрүп жатат. Реестр коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү күчөтүү тапшырмасын берген. Мындан соң президент өлкөдөгү жемкорлукка каршы күрөштөн өндүрүлгөн каражаттарды топтоо үчүн өзүнчө эсеп ачуу тапшырмасын берген. Мындай эсепти ачуу боюнча өкмөттүн токтому 22-июнда жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости