www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаардык кеңеши мэр Данияр Арпачиевдин ишин кайра карап, эмне себептен ага ишеним көрсөтпөгөнүн негиздеп берээрин шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов билдирди.

Анын айтымында, бул иш эс алуудан кийин октябрь айларынын соңунда каралышы ыктымал. Бул туурасында ал: «Мэрдин отчету канааттандырарлык эмес деп табылган. "Андан мурдагысы да эске алынсын" деп кеткен. Биз жөн эле "жакпай калдың" деген жокпуз, шаар ичинде чындап жумуштар жүрбөй калган. Ар бир комиссия кайсы иш жүрбой калганын конкреттүү көрсөтөт» -деп маалым кылды.

Эске сала кетсек, Каракол шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тууралуу шаардык кеңештин 31-июлда чечимин премьер-министр колдогон эмес. Эми ошол саясий кадамдарын негиздеп бериши керек болуп, шаардык кеңештин депутаттарынын өздөрүнүн башына сур булут айланууда.

Булак: Фабула
 

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости