www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошентип, шаардык кеңештин депутаттары эгемендүү Кыргыз мамлекетинин борбору Бишкек шаарынын жаңы мэрин “шайлашты”. Бир миллиондой калкы бар Бишкектин ичинен борборубузду “бооруна кысчу” бир эле талапкер татыктуу экен. Андан башка уул-кыздарыбыз татыктуу эмес окшойт. Жаңы шаар башчысы кандай шайланганын көрүп туруп көкүрөктөрү таза, көөдөндөрү тунук канчалаган атуулдарыбыз кейип турат. (азыр бизде эмне болсо да “өз корообуздан гана кочкор кошолу” деген эреже эмитен эле такыр орун алып калгандан сообу?) Кайран гана борборубуз! Кезинде нечендеген кыргыздын улуу инсандары агарып көгөргөн, бул жерден. Атак, даңк алган. Далай түркүн улут баткан кыргыздын касиет арткан жергеси. Мамлекетибиздин жүрөгү.
Макул. Болоору болду. Анда, жаңы шайланган мэр А. Суракматовго турмуштун чындыгынан алынган жакшы бир “жомок” айтып бергибиз келди. Илгери-илгери бир өткөн заманда эмес, жакында, эл аралык “Мерсер” изилдөө кызматы өз аныктамасында дүйнөдөгү таза шаар катары Канададагы Калгари шаарын атап, “ал шаарды дүйнөлүк лидерлердин чөйрөсүндө чоң кадыр баркы бар инсан жетектөөдө” деп чыгышты. Эми аларга айла жок дейли. Бул өтө эле өнүккөн өлкөлөрдүн “жомогу” экен деп коелучу. (Ошентип өзүбүздүөзүбүз алдап деле коелу.)
Кой, жатсак-турсак дагы “өнөктөшпүз” деген Россияны эле мисалга алалы. Жыл башында “Рейтинг” федералдык маалымат борбору “жылдын Россиядагы эң мыкты мэри” деп Казань шаарынын шаар башчысы Ильсур Метшинди аташты. Анысы эмне кылыптыр дебейсиңерби? Беш жыл аралыгында шаарга эл аларык деңгээлдеги спорт комплекстерин курууга чоң эмгек жумшайт. Натыйжада эл аралык мелдештер тынымсыз өтүп, андагы агылган туристтерден шаар казынасына миллиарддаган рублдер агылып кирет, азыр да түшүп жатат. Ал Метшин кыска аралыкта 20 бала бакча, өзүнчө типографиясы, киностудиясы, бассейиндери, хореграфиялык залдары бар бир нече мектептерди курууга үлгүрдү. Биздикилердей “ипотека” деп сүйүнчүлөп алышып, ага каражат таппай пенсионерлердин камсыздандырылган акчаларына кол салгандай эмес, көпчүлүгү намыскөй демөөрчүлөрдүн жардамы менен “Салават Купер” деген комплексти куруп, 50 миң адам жашай турган турак- жай арыш куруп, ал үйлөр да соңуна чыгып калды. Шаарды жашылдандыруу мамилесинде да “Жашыл рекорд” деген долбоорду ойлоп таап, далайлаган парк жана скверди койкойтуп коюптур. Казанда бир кездердеги тар көчөлөр азыр жок, кеңейтилип жаркыраган. Ошол “эң мыкты” делген мэр өз сөзүндө минтип атат: “Биз шаарыбызды дүйнөдөгү таза, кооз жайлардын катарына киргизебиз. Медицина, билим, спорт тармагын өнүктүрөбүз. Балдарыбыз Кудайым ыроологон таланттарын андан ары өркүндөтүүүчүн баардык шарттарды түзөбүз. “Эртең кайда жашайбыз?”- деген суроо шаар тургундарында жаралбашы керек. Биз бул максаттарга жетебиз!” деп жатат. Бул көрүнүш балким Суракматов Азиз Эмильбекович үчүн балким жомок сыяктуудур. Ошентсе да үмүт деген ушундай улуу нерсе экен..
Кенжебек АРЫКБАЕВ
Булак: "Айгай"