www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын реформачыл премьер-министри элдик толкундоолор аркылуу келген кызматына киришкенден бери 100 күн өттү. Бул датаны Никол Пашинян калың эл арасында, коштоочу-коргоочусу жок эле чыгып белгиледи. Ал калкына жасаган иштери тууралуу маалымат берип, өзүнүн башкы жетишкендиги катары “элдин жеңиши менен эртеңкиге ишеним” жаралганын белгиледи. Пашинян мындан ары өкмөт борбордук аянтта куралаарын жана элге түз отчет берип тураарын жарыялады. Өзүн бийликке алып келген армян ыңкылабынын экинчи толкуну катары калктын козгогон бир катар маселелерди рефрендум аркылуу чечээрин билдирди.

- 100 күндө мамлекетти соргон жемкорлордун алкымынан 100 млн доллар кайра тартылып алынып, казынага төктүрүлдү.

- Өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгү дээрлик 9% көтөрүлдү.

- Көмүскө секторду жоюу менен былтыркыга алыштырмалуу 220 млн доллар көп киреше жыйнады.

- Мурдагы эки президенттер Роберт Кочарян менен Серж Саргсян 2008-жылдагы элдик толкундоолордо мыйзамсыз жолдор менен ырайымсыз аракеттерге барышканы үчүн жоопко тартылышууда. Кочарян камакка алынды, Саргсянга болсо кылмыш иши козголгон, камалышы толук мүмкүн. Алардан тышкары ЖККУнун башкы катчысы (Армениянын Аскер күчтөрүнүн Башкы штабынын экс-начальниги) Юрий Хачатуров баштаган бир катар генералдары жоопко тартылышууда.

- Экс-президенттердин каржылык булактарды монополдоштуруп алышкан жакындары, ага-ини, балдары жоопкерчиликке тартылышууда.

- Бийликке жаш, прогрессивдүү башкаруучуларды тартууда. Күч структураларында кескин түрдө орун алмашуулар болуп, бардык губернаторлор алмаштырылды.

- Жума сайын социалдык түйүндөр аркылуу жасаган иштери тууралуу ачык-айкын маалымат берип турат. Баракчасы аркылуу элдин арыз-муңун түз өзү кабыл алып, тиешелүү чараларды көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости