www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдогу “Жеңиш” паркына курула турган коомдук даараткананын суммасы 3 млн 418 сомду түздү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду маалымдады.

Маалыматка ылайык аталган сумма толук чыгымдарды, кошумча керектөөлөрдү, техникалык жана эмгек чыгымдарын, ошондой эле болжолдуу кирешени камтыйт. “Дааратканын эркек бөлүмү холл, майып эркектерге арналган бөлүк, кол жуучу жай, эркектерге тиешелүү кабиналар жана писсуарлардан турат. Ал эми аялдар бөлүмү майып аялдарга тиешелүү бөлүк, кабиналар, кол жуучу жай, тепкич жана пандустан турат. Даараткананы куруу келишими ОсОО “Чынгыз Интернэшнл Групп” менен түзүлдү” деп айтылат, фонд берген маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин Ысык-Көл областындагы облустук ооруканага 1 млн сомдук даараткана курулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости