www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясы планетадагы миллиондогон адамдардын аң-сезимине тескери таасир тийгизди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Женевада өткөн брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. 

"COVID-19 миллиондогон адамдарда тынчсыздануу, коркуу сезимин жаратуу жана психикалык саламаттык боюнча кызматтарды үзгүлтүккө учуратуу жагынан таасир эткен", —  деп белгилеген ал.

ДССУнун башчысы мындай кырдаалга көптөгөн өлкөлөрдө киргизилген чектөө чаралары, мындан улам адамдардын өз ара карым-катышынын жоктугу себеп болду деген пикирде.

Гебрейесус белгилегендей, миллиардга жакын адамдын аң-сезими бузулуп, жабыр тартса, калктын аз бөлүгүнө гана сапаттуу медициналык жардам жеткиликтүү болгон.

Иш чаранын видеосу уюмдун YouTube каналындагы баракчасына чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости