www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анысын билбейт экенбиз. Бирок мурдагы атамекенчи, кийин Матраимовдордун жактоочусуна айланган Канатбек Азиз ИИМдин мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиевге кайрылып, саясаттагы эки жүздүүлөр менен өлкө душмандарын “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курамынан издөөгө чакырды.
Анын мындай билдирүүсүнө Өмүрбек Суваналиевдин бийликчил партиялардын башында бир адам - кримавторитет Камчы Көлбаев турарын, бийлик криминалдык дүйнөгө жеңилгенин айткандыгы себеп болду. Ал бийликтин таасириндеги партиялардын катарына “Мекеним Кыргызстан” партиясын да кошкон. Канатбек Азиздин айтымында, Өмүрбек Суваналиев “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулууга бир канча жолу аракет жасап, бирок максатына жеткен эмес. “Ошондуктан башкалардан ириң издегендин кереги жок, калыс күрөш жүргүзгүлө, колуңардан келбесе, жеңилгениңерди азыртан эле мойнуңарга алгыла”, - деди.
Эгерде Канатбек Азиздин айтканына ишенсек, Өмүрбек Суваналиев “мышык майга жетпей сасык дептир”- дегендей болуп атабы? Суроо туулат, кокус Өмүрбек мырза “Мекеним Кыргызстандын” катарынан орун тапканда, ушундай жалындуу пикирин айтат беле? Кыргыз саясатындагы ичкүптүлүк көрүнүшү качан калат?
Булак: “Майдан. kg”