www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарынын мэрине ишенбестик көрсөтүү тууралуу шаардык кеңештин сунушун премьер-министр колдогон жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Данияр Арпачиев өзү билдирген.
Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бул чечим тууралуу маалымат келип түшө элек экенин билдирди.
Буга чейин 31-июлда Каракол шаардык кеңешинин депутаттары көпчүлүк добуш менен ишенбестик көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алышкан эле. Депутаттар мындай кадамды мэрдин шаарды өнүктүрүү боюнча иштери канааттандыраарлык болбогону менен түшүндүрүшкөн.
Сессияда кабыл алынган чечим өкмөт башчыга жиберилген. Мэр Арпачиев депутаттардын мындай чечимин "саясий себеп” менен түшүндүргөн.
Караколдун мэри Данияр Арпачиев кызматка 2016-жылдын февралында кеңештеги көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген.
Каракол шаардык кеңешинде беш фракциядан 31 депутат бар.
Булак: NazarNews.kg