www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун жемкордуктан тазалыгы анын эң күчтүү, башкаларда жок көзүрү катары бааланууда. Бүгүнкү күндө горизонтто колу булганбаган, жемкордукка малынбаган мамлекеттик жетекчи көрүнбөй турганда Жээнбековдун бул касиети көзгө шыр урунат. Өзгөчө мурунку ажолордун, алардын ичинен да экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы биринчи жетекчилердин казынага беш колун салган жемкордугунун фонунда мындай сапат Жээнбековду дагы бир тепкичке көтөрүп турат.
Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлорго каршы күрөштө кылчактап, элдерчилеп өз өтмүшүнөн корко турган негизи жок экенин иш жүзүндө көрсөтүп келатат. Ажо Ысык-Көлдө өткөн “Мекендештер” форумунда сүйлөп жатып коррупционерлердин аттарын ачык айтууну өтүндү.
- Баарың коррупция жөнүндө айтып жатасыңар, бирок ким коррупция менен алектенип жатканын так айтпай жатасыңар. Ким, кайсы мекеме, кайсы адам, кандай жол менен тоскоолдук кылып жатканы айтылышы керек. Эгерде мен кылсам – “Жээнбеков коррупция менен алектенип жатат” деп айтылышы керек. Же башка министрлик, мекеме кылып жатса алар да айтылышы керек. Ошондо оңолобуз. Дагы эле “сен мага тийбе, мен сага тийбейин” деп жүрө берсек, атын айтпай эле “Кыргызстанда коррупция көп,кайда барсаң коррупция” дей берсек – анда оңолбойбуз. Мына, коррупцияны жок кылууну президент катары мен каалап жатам. Мен баштап жаткандан кийин баарыбыз тең атын айтышыбыз керек. Биз буга реакция кылабыз, – деди Президент.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде Президенттин мындай сөздөрдү өзүнө ишенимдүү айтканы – анын тазалыгын жана күчтүүлүгүн билдирип турат.
- Азыркы Президенттин эң күчтүү жери ушул деп ойлойм. "Жээнбеков коррупция менен алектенсе, ачык айткыла атын". Мындай нерсени эл көзүнчө, ачык айкын, коркпой-үркпөй айтууга да ишеним керек, өзүң таза экениңе ынаным болушу зарыл. Реформа, реформа дейбиз... Мүмкүн, эң чоң, эң маанилүү реформа ушудур, эң чоң жана зарыл мүмкүнчүлүк да ушудур, туугандар? Биринчи жетекчи өзү уурдабай, башкаларга да уурдатпай турса, дагы кандай саясат керек... Ийгилик каалайлы Кыргызстаныбызга... – дейт эксперт.
Булак: NazarNews.kg