www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакирова каза болгон жол кырсык боюнча шектүү жаран көрсөтмөсүн 5 жолу өзгөрттү. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Рустам Абдурауфов 13-августта Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облустук соту шектүүнү үй камагына чыгарган.

«Шектүү жаран берген көрсөтмөсүн 5 жолу өзгөрттү. Ал эми кырсык болгон учурда аны унаадан алып чыккан адамдар андан спирт ичимдиги жыттанып жатканын айтышкан. Облустук сот анын кылмыш болгон жерден билип туруп качып кеткенин эске алган эмес», - деди ал.

Ошондой эле ал дарыгерлердин экинчи маалым катында, ал камакта боло албастыгы боюнча жазылганын белгиледи.

«Шектүү буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган, бирок эки тараптын келишкендигине байланыштуу иш токтотулган. Ал күнөөсүн мойнуна алган. Анын айдоочулук күбөлүгү жок болгон, себеби ал айдоо укугунан 2015-2016-жылдары эле ажыратылган», - деди ал.

Мындан тышкары, жактоочу кылмышкерди 8 жылга эркинен ажыратууну, материалдык жана моралдык зыяндарды калыбына келтирүүнү өтүнөөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал кырсык болгон күнү шектүү жаран «Намба таксиге» тийиштүү унааны башкарып бара жатканын айтты.

«Юридикалык компанияга тийиштүү унааны айдоо үчүн айдоочулук күбөлүктөн тышкары техникалык паспорт жана жол барагы болушу керек болчу. Бирок жол барагы анын таанышы Тимурга гана толтурулган экен. Демек, анын бул унаанын рулуна отурууга укугу жок болчу. Тимурга карата унааны мыйзамсыз бергендиги боюнча административдик айып тагылышы керек болчу. Тактап айтканда, шектүү жаран унааны айдоочулук күбөлүгү жок, мас абалда айдап бара жаткан. Ал саатына 157 чакырым ылдамдыкта айдап бара жатып, анын кесепетинен күмбөздү сүзгөн», - деди Р.Абдурауфов.

Ошондой эле жактоочу Сания Шакирова кандай абалда болгонуна токтолду.

«Анын бет сөөктөрү сынып, мээси агып калган. Ушундай оор жол кырсыкта облустук сот шектүүнү үй камагына чыгарып койду. Ал камактан чыккандан кийин күбөлөр такыр башкача көрсөтмө берип башташты», - деди ал.

Ал эми Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиеванын айтымында, шектүү делген айдоочу 2016-жылы ээнбаштык үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

«7-июнда ал райондук соттун чечими менен камакка алынган. 27-июнда облустук сот аны үй камагына чыгарды. Ага ден соолугу жана үй-бүлөлүк абалы себеп болгон. Анын 3 баласы бар. Сот Саниянын дагы 3 баласы бар экенин эске алган жок. Эмне үчүн сот бир гана тарапты карап, экинчи тарапка көңүл бөлбөй жатат? Мен соттун мындай чечими менен макул эмесмин. Ал ошол күнү мас болгондуктан кырсык болду. Ошол күндөн бери мен ооруканадамын», - деди ал.

Ал иш сотко өткөнүн жана соттук угуу 15-августка белгиленгенин айтты.

Окуя тууралуу

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталды.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп каталган.

Ал эми, унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.

«Айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. милиция кызматкери деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз бул маалыматтарды дагы бир ирет текшерип чыктык. Айдоочу милиция кызматкери эмес», - деди С.Усубакунов.

Булак: "Трмуш"

Последние новости