www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бактыбек Калмаматовдун ата-теги айтылуу боз жоргону калмактан уурдап Шырдакбекке алып келип берген Тасма баатырга барып такалат. “Кожо, Тасма – аталаш, Теңизбай, Тасма – баталаш” деген эл ичинде айтылып келе жаткан сөз бар.
Демек, Жээнбековдордун ата-теги Теңизбайга болсо, анда Жээнбековдор менен Бактыбек Калмаматовду байланыштырган тууганчылык мамилелери бар. Кызыгы, Бактыбек Калмаматовдун чоң аталары кадимки Жаныбек корбашы деп жүрүшөт.
Жээнбековдор 5-октябрда кетишти. Бүгүнкү күндө бир дагы саясий топ, саясий партия, жада калса ошол элдик толкундоонун натыйжасында бийликке келген адамдар дагы ошол 5-6-октябрда болгон окуяларга юридикалык статус берише элек. Эмне деп беришерин да билишпейт. Революция, элдик төңкөрүш дейин десе Сооронбай Жээнбековдон башка эч ким кеткен жок. Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаров гана орун алмашты.
Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт деген даана ушул кыргыз саясатында болду. Эл 5-октябрь күнү адилетсиздикке каршы, коррупцияга каршы, люстрация болсун деп чыккан. Бүгүн президенттин «юротделине» айланып калган, биз атынан айтпай «чимкирик» деп калган Жогорку Кеңеш өлкөнү башкарып, ошолордун бири президенттин милдетин аткарып жатат.
Эмне өзгөрдү? Эч нерсе.
Кечээ Сооронбай Жээнбековду аңга түрткөндөр бүгүн Садыр Жапаровду тегеректеп, бизге кантип жашоо жөнүндө, арам менен адалдын айырмасы жөнүндө сабак өтүп жатышат. Президенттик шапйлоодон кийин Садыр Жапаров чыныгы тазаланууну жасабаса Кыргызстанга оор кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg