www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров кызматын парламенттин жыйынында расмий тапшырды.
Бакировдун мындай күтүүсүз чечими коомчулукта көптөгөн пикирлерди, божомолдорду жаратты.
Бакиров өзүнүн кызматтан кетүүсү тууралуу жергиликтүү басылмаларга берген маегинде түшүндүрмө берди:
«2017-жылы 13-декабрда Өнүгүү-Прогресс фракциясынын депутаттарынын сунушу менен Жогорку Кеңештин вице-спикер кызматына дайындалганмын. Кызматтан кетүү жөнүндө чечимди жалгыз өзүм кабыл алган жокмун. Фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев менен кеңешип анан бир чечимге келдик.
Фракциянын ичинде дагы спикер болгусу келгендер болот, ошолорду да эске алдым. Бул кызматка татыктуу башка дагы адамдар чыгып жатканынан улам аларга жол бошотууну туура көрдүм», - дейт ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg