www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент депутаты Ирина Карамушкина Кыргызстанда жүргөндө башка, бирок Россияга бараары менен кыргыздарды жамандай баштаган оорусу бар. Россияга барганда: "Кыргыздар орустарды басынтып, кыргызча сүйлөгүлө деп мажбурлаганынан сыртка чыга албай калдык. Куурадык, Кыргызстандагы орустарга жардам бергиле!" деп каңкуулап коллегаларын ынгайсыз абалда калтырганын депутаттар айтып келет.

"Когда я училась в школе и вузе, государство не создало условий для нормального изучения кыргызского языка. Я три года изучаю его, но не выучила на том уровне, чтобы свободно на нем говорить. И если завтра будет принят закон, требующий знания госязыка, то я и другие граждане могут просто быть вымыты с госслужбы. Это дискриминация по языковому признаку", - деген жайы бар. Эми өзү тил билгенге жөндөмсүз болсо ким күнөөлү? 

И.Карамушкинанын Крымга, Россияга баргандагы жоруктарын жазганга кагаз түтпөйт, болгону эжекебиздин бир аз кычкылга жакындыгын, андан дагы шоопуру Алексей Хурасев менен болгон байланышын айтпай кетпесек болбойт.

Анысына мейли көз жумалы дейли. Бирок, айдоочусу экөө адам өмүрүн оюнчук көрүп, ачкылга тоюп алып жол кырсыгына себепкер болушуп, анысы аз келгенсип, ал кырсыкта көз жумган жабырлануучу тарапты сыздатып кеткенине кантип унчукпай кое алабыз?! 
Ирина менен Алексей көптөн берки жакшы тааныштардан. Алексейге өзүнө ишенгендей ишенет. Болбосо кызмат машиналарын алмаштырса да шоопуру өз ордунда. Шоопуру менен каалагандай тайрактаган Ирина эжекебиз Алексей каалаган учурда тепсин деп машинасын үйгө койгонго уруксаат алып алган. 

Анысы го жакшы, а бирок Иринага ишенген Хурасаев 2013-ж. 23-декабрында 70 жаштагы Асангазы Кутманалиевди машинасы менен уруп кетип, ал аксакал адам ошол жерде мүрт кеткен. 

Асангазы аксакалдын жесири: “депутат кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбаса, абышкам аман калмак” деп прокуратуранын эшигин жыртып жүрөт. Бирок адам өмүрүн тыйынчалык көрбөгөн И.Карамушкина айдоочусун коргоп, мыйзам алдында жоопко тарттырбай келет. 

Айдоочусун анчалык коргоп жатканына караганда И.Карамушкина айдоочусу Алексейге болгон башкача мамилеси бар шекилдүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости