www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлике таарынса эле табалагандай таң калыштуу кадамдарды таштап ийме адатыбыз бар эмеспи. Анын үстүнө азыркы бийликке сес көрсөтүп, көрүнүп же өзүнүн дараметин кылып койгондор деле жок эмес. Кечээ эле бийликчил, кала берсе Жээнбековдун жел аргысы менен болгусу келгенин ушунчалык каалаган мурдагы КТРдин башчысы Илим Карыпбеков дагы эми тырнактай азуусун көрсөтүп, бийлик тарапка бирдемелерди ыргытуу менен алек.
Социалдык баракчасында бул бийликтин кемчилигин сынап бир чыкса, Таластыктар да Атамбаевди жактап башташыптыр деп эки чыгып, өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтө баштады. Эми ал Илим мырзанын көргөн-билгени дегилечи, ошентсе да өлкөнүн ушул кездеги абалы араң турганда кечээги эле мамлекеттик жетекчи, болгондо да маалымат булагынын "падышасы" болгон КГРдин жетекчиси катары, чагымчылга жандаш болгон андай билдирүүлөрдү айтуу акылга, анан калса этикага да жатпасын унутпаса болмок. Эми ал өз эрки. Биз айттык.
Муну айтканыбыз жакында эле журналисn кыздын келбетине "кызыгып" койгон Чүйдүн чүйгүнү Туйгунаалы Абдраимов акебиз дагы, унчукпаганы менен айрым адамдарга акырын эле Атамбаев тарапка ооп кетем таризде сөз айтканын угуп, оозубузду Ош базарын карап олтурат. Алар бириксе, эки "элдир-селдир" эмне болоор экен деген кептер, эл ичинде айтыла баштады. Кыргызга кыйын кездер болгон кезде, буларды ит менен издеп таппайсың шекил, бирок ушундай өз кызыкчылыктарына келгенде, кетмен-күрөк көтөрө чуркай берген, иштерман дымактуу "дыйкан" боло бергенине ай-ран таңбыз. Эл эмне дейт эле, эбак андайлардын канча маскасы бар экен билип бүгүшпөдүбү.
Булак: Факты.kg